Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Июнь 2026 ж. 10:21
Көрүлдү: 2489
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №258 «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө» токтомун ишке ашыруу, конкурсук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү, ошондой эле конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык талапкерлерди квалификациялык тестирлөө уюштурулат.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 11-июнундагы №760/1 буйругу менен мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди квалификациялык тестирлөөдөн өткөрүүнүн 2026-жылга карата графиги бекитилди.
1-айлампа:
2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин – талапкерлерден документтерди кабыл алуу, экспертизалоо;
2026-жылдын 25-июлунан 31-июлуна чейин – тестирлөөнү уюштуруу, өткөрүү;
2026-жылдын 7-августунда – конкурс өткөрүү.
2-айлампа:
2026-жылдын 8-августунан 31-октябрына чейин – талапкерлерден документтерди кабыл алуу, экспертизалоо;
2026-жылдын 16-ноябрынан 27-ноябрына чейин – тестирлөөнү уюштуруу, өткөрүү;
2026-жылдын 7-декабрынан 11-декабрына чейин – конкурс өткөрүү.
Квалификациялык тестирлөөгө катышууну каалаган талапкерлер белгиленген мөөнөттөрдө документтерин «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшыра алышат.