Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2026 ж. 12:36
Көрүлдү: 176
Бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун жана Ош шаарынын биргелешкен “Доор өзгөрткөн билим” ата-энелер форумунун алкагында көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөдө Ош шаарынын жана Ош облусунун райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында аткарылып жаткан иштер тааныштырылды.
Анда окуу китептери менен камсыздоо, мектептердин курулушу, кошумча окуу класстарынын ачылышы, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.