Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2026 ж. 12:04
Көрүлдү: 176
Бүгүн, 11-июнда, Ош шаары менен Ош облусунун ата-энелери үчүн биргелешкен “Доор өзгөрткөн билим” ата-энелер форуму Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өтүүдө.
Форумга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, ошондой эле жогорку окуу жайлардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-усулдук кабинеттердин, кесиптик лицейлердин өкүлдөрү, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар жана ата-энелер катышууда.
Форумдун жүрүшүндө ата-энелер жана жарандардан суроолор, пикирлер жана сунуштар айтылып, кабыл алынат.