Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2026 ж. 11:49
Көрүлдү: 164
2026-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Ак-Суу» Республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейге барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө лицейдин директору Банур Абдиева окуу жайдын өнүгүү пландары менен тааныштырып, абитуриенттерди кабыл алууга даярдык иштери тууралуу маалымат берди.
Жолугушууга ошондой эле «Ала-Тоо Резорттун» жана Ухань шаарындагы тышкы экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча борбордук топтун өкүлдөрү катышты.
«Ак-Суу» инновациялык туристтик кесиптик лицейин түзүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан кесиптик билим берүү системасын трансформациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.
2026-жылы туризм жана тейлөө тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган Кыргызстандагы эл аралык деңгээлдеги алгачкы туристтик мектептин пайдубалын түптөө пландалууда.
Долбоордун актуалдуулугу өлкөдөгү туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен шартталган. Ак-Суу районунда ири «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Анын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мейманкана сервиси, коомдук тамактануу, туризм жана конокторду тейлөө тармактарында көп сандагы адистер талап кылынат. «Ак-Суу» лицейи ушул жана башка туристтик долбоорлор үчүн зарыл болгон кадрларды даярдоону камсыз кылууга багытталган.
Долбоорду ишке ашыруу жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жаштардын иш менен камсыз болушун жогорулатууга, миграциялык процесстерди кыскартууга жана туризм тармагын өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын бири катары мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жолугушууда ошондой эле долбоордун алкагындагы эл аралык кызматташтык тууралуу маалымат берилди. Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосунда билим берүү программаларын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү, эл аралык эксперттерди жана инструкторлорду тартуу, педагогдорду даярдоодо усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү, туризм тармагындагы Австриянын алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү, ошондой эле улуттук билим берүү стандарттарын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча макулдашууларга жетишилген.
Лицей австриялык эргономика жана экологиялык талаптарга ылайык курулган заманбап инновациялык окуу корпусунда жайгашары пландалууда. Имаратта окуу аудиториялары жана практикалык даярдык үчүн адистештирилген аянтчалар, анын ичинде SMART-класстар, кулинардык студия, окуу бары жана рестораны, ошондой эле IT-полигону каралат.
«Ак-Суу» Республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи Кыргызстандын туристтик индустриясы үчүн кадрларды даярдоонун негизги борборлорунун бири болуп, өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот деп күтүлүүдө.