Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Июнь 2026 ж. 10:12
Көрүлдү: 169
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 2025–2029-жылдары Ислам өнүктүрүү банкынын, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФтинколдоосу менен ишке ашырылып жаткан Smart-Ed биргелешкен долбоорунун 2.1.1-компоненти - «Балдарды өнүктүрүү борборлорунда жана бала бакчаларда окутууну колдоо үчүн санариптик жана басма форматтарындагы жаңы көп тилдүү өнүктүрүүчү материалдар» багытынын алкагында өткөрүлгөн «Мектепке чейинки билим берүүдөгү колдонулуп жаткан окуу-өнүктүрүүчү материалдардын функционалдык талдоосу» аттуу үч күндүк тренинг жыйынтыкталды.
Катышуучулар мектепке чейинки билим берүүнүн ченемдик-укуктук базасын, Мамлекеттик билим берүү стандартын жана 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасын карап чыгып, материалдардын балдардын негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга кандай салым кошорун аныкташты.
Практикалык иштердин жүрүшүндө тапшырмалардын элементтери, оюн кырдаалдары, иллюстрациялар, схемалар, практикалык аракеттер жана санариптик компоненттер алардын функционалдуулугу, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуулугу, инклюзивдүүлүгү, гендердик сезимталдыгы, көп тилдүүлүгү, STEAM ыкмасынын колдонулушу жана башталгыч билим берүү менен ырааттуу байланышы өңүтүнөн талдоого алынды.
Тренингдин жыйынтыгында функционалдык талдоо матрицалары апробациядан өткөрүлүп, баалоонун бирдиктүү критерийлери макулдашылды. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү материалдарын талдоо жана жаңылоо боюнча жумушчу топтун мындан аркы иш-аракеттери аныкталды.