Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Июнь 2026 ж. 11:11
Көрүлдү: 456
2026-жылдын 8-июнунда Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин IX жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, жасалма интеллект багытындагы билим берүү программаларын ишке ашыруу, мугалимдер жана окуучулар үчүн алмашуу программаларын кеңейтүү маселелери каралды.
Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин балдары үчүн жомок китептерин биргелешип даярдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.