Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
8 Июнь 2026 ж. 19:07
Көрүлдү: 507
2026-жылдын 8-июнунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейге Кытай Эл Республикасынын делегациясы иш сапар менен келди.
Делегацияны Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев жана №43 кесиптик лицейдин директору Жаныбек уулу Нурсултан тосуп алышты.
Кытай делегациясын Пекин кесиптик айыл чарба колледжинин партиялык комитетинин катчысы Чжоу Чжичэн жетектеп келди.
Иш-сапардын алкагында делегация лицейдин окуучулары тарабынан даярдалган маданий программага күбө болуп, окуу жайдын этноайылы, окуу кабинеттери жана окуу-өндүрүштүк комплекси менен таанышты.
Ошондой эле Пекин кесиптик айыл чарба колледжи менен №43 кесиптик лицейдин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум эки билим берүү уюмунун ортосунда тажрыйба алмашууну, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууну, окутуучулар менен окуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүнү, ошондой эле күнөскана чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү багытында практикалык тажрыйба алмашууну карайт. Мындан тышкары, кызматташтык студенттер үчүн билимин улантуу жана жогорку окуу жайларына өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Жолугушууда агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов өлкөнүн билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүүнүн мааниси жана ага болгон суроо-талап өсүүдө. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык эки тарап үчүн тең пайдалуу жана келечектүү болуп саналат», – деди Альберт Махметкулов.
Тараптар кызматташтык тууралуу меморандум эки окуу жайдын байланышын чыңдоого, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана кесиптик билим берүү жаатындагы эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.