КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

8 Июнь 2026 ж. 19:06

Көрүлдү: 298

2026-жылдын 8-июнунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде кесиптик лицейлердин тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары үчүн республикалык семинар өткөрүлдү.

post.title

Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу доктринасын жана «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Иш-чарада жаштардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, улуттук аң-сезимди жана мекенчилдик сезимди калыптандыруу маселелери талкууланды.

Катышуучуларды Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов куттуктап, жаштарды тарбиялоодо кесиптик билим берүү уюмдарынын ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова жана Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү уңгужолду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

«Жаш кесипкөй демилгеси» акциясынын алкагында окуучулар өз демилгелерин жана коомго пайдалуу иштер боюнча тажрыйбаларын бөлүшүштү. Мындан тышкары, «Бир жакшы иш» флешмобу уюштурулуп, жаштарды кайрымдуулукка жана жарандык жоопкерчиликке үндөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.

Семинардын соңунда катышуучулар №43 кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасы жана тарбиялык ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар