МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

8 Июнь 2026 ж. 18:14

Көрүлдү: 224

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2026-жылдын 7–8-июнунда Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин IX жыйынына катышты.

post.title

Жыйындын жүрүшүндө министрлер билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү системасына заманбап технологияларды киргизүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Министрлер ошондой эле стандарттарды шайкеш келтирүүгө, сапатты камсыздоону жогорулатууга жана дипломдорду өз ара таанууну жеңилдетүүгө багытталган «Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү мейкиндигин» түзүү сунушун талкуулашты. Кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган практикалык кадамдар катары студенттер жана мугалимдер арасындагы алмашуу программалары, «Боордош мектептер» программасы жана ТМУнун Маалыматтык тармагы сыяктуу кошумча демилгелер каралды.

Өз сөзүндө Догдуркүл Кендирбаева түрк мамлекеттерин жалпы тарых, тил, маданий баалуулуктар жана бирдиктүү өнүгүү мейкиндигин түзүүгө болгон умтулуу бириктирерин белгиледи. Ал санариптик трансформация, жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр шартында мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан сырткары министр Кыргыз Республикасынын кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, билим берүү жаатындагы алмашууларды кеңейтүүгө жана билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жаш муунду тарбиялоого, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын аталган жыйынга катышуусу Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бир тууган мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар