МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МАТЕРИАЛДАРЫНА ФУНКЦИОНАЛДЫК ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА БИРИНЧИ ТРЕНИНГ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

8 Июнь 2026 ж. 14:37

Көрүлдү: 252

Кыргыз Республикасында Smart-Ed долбоорунун 2.1.1-компонентинин алкагында «Балдарды өнүктүрүү борборлорунда жана бала бакчаларда окутууну колдоо үчүн санариптик жана басма форматтарындагы жаңы көп тилдүү өнүктүрүүчү материалдар» багыты боюнча өткөрүлүп жаткан «Мектепке чейинки билим берүүдө колдонулуп жаткан окуу материалдарына функционалдык талдоо жүргүзүү» аттуу биринчи тренинг өз ишин баштады.

post.title

Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 2025–2029-жылдары Ислам өнүктүрүү банкы, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан колдоого алынып ишке ашырылууда. Анын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын бардык балдары үчүн сапаттуу жана инклюзивдүү билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.

2.1.1-компонент мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Ал үчүн мектепке чейинки курактагы балдарга арналган заманбап көп тилдүү окуу-өнүктүрүүчү материалдар санариптик жана басма форматтарында талданып, жаңыланып жана иштелип чыгат.

Иштин негизги багыттарынын бири болуп балдарды өнүктүрүү борборлорунда жана бала бакчаларда колдонулуп жаткан материалдардын мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, билим берүү программаларына, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө, компетенттүүлүк мамилеге, ошондой эле инклюзивдүү жана көп тилдүү билим берүүнүн принциптерине шайкештигин аныктоо максатында функционалдык талдоо жүргүзүү саналат.

Тренинг мындай талдоону жүргүзүү боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн потенциалын чыңдоого багытталган. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар материалдардын мазмунун, түзүмүн, тапшырмаларын, иллюстрацияларын, оюн кырдаалдарын, санариптик жана басма компоненттерин баалоонун бирдиктүү ыкмаларын өздөштүрүшөт жана алардын баланын өнүгүүсүндөгү ролу боюнча жалпы түшүнүк калыптандырышат.

Өзгөчө көңүл материалдардын мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарына, инклюзивдүүлүк принциптерине, гендердик сезимталдыкка, этномаданий өзгөчөлүктөрдү эске алууга, көп тилдүүлүккө, STEAM мамилелерине жана бардык балдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга шайкештигине бурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар