Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Июнь 2026 ж. 16:16
Көрүлдү: 321
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо жана орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган “Электрондук кезек” мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун функционалы mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына көчүрүлүп, интеграциялангандыгын маалымдайт.
Бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын бирдиктүү санариптик платформага топтоп, ата-энелер үчүн кызматтарды пайдаланууну жеңилдетүүгө багытталган.
Эми баланы бала бакчага каттоо, кезекке туруу, орундардын кыймылын көзөмөлдөө жана башка кызматтарды balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу алуу мүмкүн.
Белгилей кетсек, mektep.edu.gov.kg порталында буга чейин катталган бардык арыздар жана кезек боюнча маалыматтар толугу менен сакталган жана жаңы платформага автоматтык түрдө өткөрүлгөн. Кезекте турган балдардын катталган маалыматтары өзгөрүүсүз калат.
“Электрондук кезек” системасы балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу процессинин ачыктыгын камсыздап, кезекти автоматтык түрдө түзүүгө, бош орундарды автоматтык бөлүштүрүүгө жана адам факторун азайтууга мүмкүндүк берет. Система ошондой эле бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган.
Ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат.