МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА НАРЫНДА МЕКТЕПТЕРДИ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

5 Июнь 2026 ж. 14:35

Көрүлдү: 184

Бүгүн, 5-июнда, Нарын шаарында билим берүү уюмдарындагы оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу маселелерине арналган жыйын өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, ошондой эле райондук мамлекеттик администрация башчыларынын социалдык тармакты тейлеген орун басарлары, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү уюмдарында жүргүзүлө турган утурумдук оңдоп-түзөө иштерин уюштуруу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү деңгээлде аткарылуучу иштерди координациялоо маселелери талкууланды.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү уюмдарындагы оңдоо иштеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу менен катар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан курулуш жана оңдоо иштерин уюштуруу, көзөмөлдөө жана координациялоо иштерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп-түзөө иштерине 404 млн сом каралган. Бөлүнгөн каражаттардын алкагында оңдоо иштерин уюштуруу жана координациялоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар