ОШ ШААРЫНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ОКУУ-СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

5 Июнь 2026 ж. 10:51

Көрүлдү: 330

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылга карата календардык-тематикалык планына ылайык Ош шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында дарылоо-алдын алуу кызматтарын уюштуруу боюнча окуу-семинар өткөрүлдү.

post.title

Окуу-семинарга Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген медицина кызматкерлери катышты. Катышуучулар балдардын ден соолугун коргоо, оорулардын алдын алуу, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо жана медициналык тейлөөнү уюштуруу боюнча билимдерин жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты мектепке чейинки билим берүү уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, балдардын ден соолугун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү жана медицина кызматкерлеринин кесиптик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.

Мындай окуу-семинарлар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлүп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында системалуу негизде улантылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар