Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2026 ж. 17:42
Көрүлдү: 93
Ош шаарында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ысык тамак уюштуруу маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУнун ДАТП) «Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» программасынын алкагында уюштурулду.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, БУУнун ДАТПсынын жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү балдардын сапаттуу, коопсуз жана туруктуу тамактануусун камсыз кылуу алардын ден соолугун сактоонун жана окуудагы жетишкендиктерин жогорулатуунун негизги факторлорунун бири экендигин белгилешти.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга «Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» программасынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары, акыркы жылдардагы мектептик жана мектепке чейинки тамактануу тармагындагы жетишкендиктер, ошондой эле 2026-жылга карата артыкчылыктуу иш багыттары сунушталды.
Өзгөчө көңүл райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн билим берүү уюмдары, саламаттык сактоо органдары, санитардык-эпидемиологиялык кызматтар жана азык-түлүк жеткирүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Катышуучулар мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштурууну жөнгө салган колдонуудагы ченемдик-укуктук базаны, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын жоболорун жана балдардын тамактануусун уюштуруунун тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун талкуулашты.
Семинардын практикалык бөлүгү мектептик жана мектепке чейинки тамактануунун мониторингине арналган топтук иштерди, тамактанууну уюштуруудагы санитардык-гигиеналык талаптарды талкуулоону, ошондой эле жеткиликтүү бюджеттик каражаттарды эске алуу менен тең салмактуу меню түзүү ыкмаларын кароону камтыды. Эксперттер мониторинг жүргүзүү инструменттерин, мектептик тамактануу жаатындагы санариптик чечимдерди, ошондой эле БУУнун ДАТПсы тарабынан жүргүзүлгөн мектептик менюлардын анализинин жана программанын өнөктөштөрүнүн жылдык сурамжылоосунун жыйынтыктарын сунушташты.