Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2026 ж. 17:31
Көрүлдү: 68
Бүгүн, 4-июнда, Ысык-Көл облусунун Бактуу Долоноту айылында «Доор өзгөрткөн билим» ата-энелер форуму өттү.
Форумдун негизги максаты - Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү уюмдарында ишке ашырылып жаткан «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын биринчи окуу жылындагы жыйынтыктарын чыгаруу, аларды ата-энелер жана коомчулук менен кеңири талкуулоо, ошондой эле жалпы билим берүүнү жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын кийинки этаптары тууралуу маалымат берүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облустун педагогикалык кызматкерлери, ата-энелер коомчулугу, жеке менчик мектептердин өкүлдөрү, эксперттер катышты.
Форумдун жүрүшүндө «Алтын казык» билим берүү программасынын алкагында жетишилген жыйынтыктар боюнча министр баяндама жасап, жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле ата-энелер үчүн суроо-жооп аянтчасы уюштурулуп, анда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, усулчулар жана жооптуу адистер билим берүү маселелери боюнча жарандардын суроолоруна жооп беришти.
Форум билим берүү тармагындагы реформалар боюнча ачык диалогду өнүктүрүүгө, ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатууга жана мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.
Белгилей кетсек, буга чейин мындай форумдар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өткөрүлгөн.