КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ «ТАЖИКСТАН–2026» ЭЛ АРАЛЫК КЕСИПТИК КӨНДҮМДӨР ФОРУМУНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

4 Июнь 2026 ж. 15:56

Көрүлдү: 155

2026-жылдын 28–29-май күндөрү Дангара районундагы Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунда «Тажикстан–2026» эл аралык кесиптик көндүмдөр форуму өттү.

post.title

Форумга Германия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия жана Кытай мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын атынан «Тажикстан–2026» эл аралык кесиптик көндүмдөр форумуна Бишкек шаарындагы №3 жана №27 кесиптик лицейлердин өкүлдөрү катышты. Алар өлкөнүн атынан «Электр-газ ширетүүчү» жана «Электрик» компетенциялары боюнча күч сынашты.

Эл аралык сынактын жыйынтыгында Бишкек шаарындагы №27 кесиптик лицейдин окуучусу «Электр-газ ширетүүчү» компетенциясы боюнча 2-орунду ээлеп, Кыргыз Республикасын эл аралык аренада татыктуу көрсөттү. Катышуучулар баалуу тажрыйба топтоп, өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүштү жана кесиптик билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого салым кошушту.

Форумдун жабылуу аземине Тажикстан Республикасынын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министринин биринчи орун басары Насим Каримзода катышып, мындай форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулардын ишине баа берүү WorldSkills CIS стандарттарына ылайык, аткарылган иштердин сапаты, технологиялык талаптардын сакталышы жана өндүрүш маданиятынын критерийлери боюнча көз карандысыз калыстар тобу тарабынан жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулары байгелүү орундарды ээлеген мугалимдер жана өндүрүштүк окутуунун устаттары уюштуруу комитетинин ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Уюштуруучулар жаш адистерди даярдоого педагогдордун кошкон салымын жогору баалашты.

Сыйлоо аземинен кийин коноктор жана катышуучулар үчүн «Достук кечеси» аттуу маданий программа уюштурулду. Достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында ар түрдүү өлкөлөрдөн келген жаштар тажрыйба алмашып, бири-биринин маданияты жана каада-салттары менен таанышышты.

«Тажикстан–2026» эл аралык кесиптик көндүмдөр форуму жаштарды татыктуу жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо үчүн кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар