АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

4 Июнь 2026 ж. 15:24

Көрүлдү: 76

Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова коомдук кабылдама аркылуу катталган жарандарды кабыл алды.

post.title

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар жумуш менен камсыз кылуу, билим берүү уюмдарын куруу, балдарды мектепке кабыл алуу, ошондой эле билим берүү тармагындагы башка укуктук маселелер боюнча кайрылышты.

Министрдин орун басары келип түшкөн кайрылуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, жооптуу түзүмдүк бөлүмдөргө алардын компетенциясына кирген маселелерди карап чыгууну тапшырды. Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жарандарга тиешелүү маселелер боюнча консультация беришти.

Эске салсак, агартуу министри жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык жарандарды кабыл алышат.

Агартуу министрлигинин коомдук кабылдамасынын телефону: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар