Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2026 ж. 15:13
Көрүлдү: 58
2025-жылдын 18–20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Япониянын Fujifilm System Service Co., Ltd. жана Digital Knowledge Inc. компанияларынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Аталган документ билим берүү, билим берүү процесстерин санариптештирүү жана педагогикалык кадрларды даярдоо багыттарында кызматташууну камтыйт.
Бул меморандумду ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын япон делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим алуучулардын билим деңгээлин баалоодо заманбап санариптик инструменттерди колдонуу, билим берүү тармагындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле педагогикалык практика жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу багыттарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар меморандумду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктап, биргелешкен билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.