Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2026 ж. 14:54
Көрүлдү: 44
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери башталды.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан быйыл өлкө боюнча 53 мектептин инфраструктурасын модернизациялоо жана аларды инновациялык мектептердин стандарттарына ылайык келтирүү каралган.
Аталган окуу жайы инновациялык мектептердин бири. Учурда мектепте STEM-кабинеттеринин эски терезелерин демонтаждоо, дубалдарды тегиздөө жана жыгач пол жабдууларын жылмалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Инновациялык мектептерди оңдоп-түзөөдө негизги көңүл STEM-кабинеттерин, китепканаларды, спорт залдарды жана эмгекке үйрөтүү кабинеттерин жаңылоого бурулат.
Ошондой эле санитардык түйүндөр мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып оңдолот жана айрым мектептердин сырткы жасалгасы, чатырлары жана жылытуу системалары жаңыртылат.
Бул иштер окуучулар үчүн заманбап, коопсуз жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Биз сиздер менен инновациялык мектептердеги модернизациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат менен үзгүлтүксүз бөлүшүп турмакчыбыз.
#АгартууМинистрлиги #МектептикБилимБерүү #ИнновациялыкМектеп #STEMБилимБерүү