Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2026 ж. 14:17
Көрүлдү: 60
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын негизги максаты – шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу.
Жарлыкка ылайык, шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды.
Жарлыктын алкагында Кыргыз шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.
Мындан тышкары, өлкөдөгү 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда 3–5-класстардын окуучулары үчүн «Мектептердеги шахмат» пилоттук долбоору ишке киргизилет. Долбоордун алкагында шахмат ийримдери аркылуу окуучуларга кошумча билим берилет.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине төмөнкү милдеттер жүктөлдү: