Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
4 Июнь 2026 ж. 11:31
Көрүлдү: 117
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча тренерлерди даярдоо максатындагы окуулар өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында республика боюнча жалпысынан 250 тренер даярдалып, алардын жардамы менен 6000 тарбиячынын квалификациясын жогорулатуу пландалууда.
2026-жылдын 3-июнунда окуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген катышуучулар үчүн өткөрүлдү. Окууга тартылган 120 тренер мектепке чейинки билим берүү тармагында эмгектенген педагогдор жана адистер болуп саналат.
Аталган окуулар келечекте мектепке чейинки билим берүү системасында жаңы стандарттарды натыйжалуу ишке ашырууга жана педагогикалык кадрлардын кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталган.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Ага Хан фонду менен биргелешип өткөрүлүүдө.