КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ШКУ: БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ МААЛЫМАТТАР

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Июнь 2026 ж. 11:30

Көрүлдү: 266

2026-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Саммитин өткөрөт. Бул - билим берүү, илим, экономика жана технологиялар тармагындагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп жаткан мамлекеттерди бириктирген аймактагы эң ири эл аралык иш-чаралардын бири. ШКУ Саммитинин өткөрүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында 2026/2027-окуу жылынын башталышы 2026-жылдын 15-сентябрына жылдырылат.

post.title

ШКУ алкагындагы кызматташтык Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Кызматташуунун укуктук негизин 2006-жылы кол коюлган ШКУга мүчө мамлекеттердин билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусу түзөт. Бул документ академиялык алмашууларды кеңейтүүгө, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзгөн.

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн билим берүү квоталары берилет. Эл аралык билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүгө ШКУ Университети орчундуу салым кошууда. Ал уюмга мүчө мамлекеттердин алдыңкы жогорку окуу жайларын бириктирген тармактык университет болуп саналат жана анын курамына Кыргызстандын сегиз жогорку окуу жайы кирет.

2025-жылы Кыргызстандын делегациясы Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин тогузунчу кеңешмесине катышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында билим берүү тармагындагы кызматташтыкты, академиялык мобилдүүлүктү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү документтер кабыл алынган.

Ошондой эле иш-чаралардын алкагында синхрондук котормочуларды даярдоо, биргелешкен инженердик билим берүү программаларын түзүү жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимдерге кол коюлган.

Кыргыз Республикасы билим берүү, илим жана инновациялар жаатында ШКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү ырааттуу түрдө бекемдеп келет. 2026-жылы ШКУ Саммитинин өткөрүлүшү эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө жана ата мекендик билим берүүнүн эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү кадам болот.

Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында 2026-жылдын 5-июлунан 20-июлуна чейин «ШКУнун Жаш окумуштуулар эл аралык лагери – 2026» өткөрүлөт. Бул долбоор «Жаш изилдөөчүлөр лагери» демилгесинин уландысы болуп саналат жана жаштардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда билим алмашууну кеңейтүүгө багытталган. Лагердин катышуучулары илимге, технологияларга жана инновацияларга кызыккан 16 жаштан 19 жашка чейинки мектеп окуучулары болушат. Алар үчүн билим берүү программалары, изилдөө долбоорлору, окумуштуулар жана эксперттер менен жолугушуулар, ошондой эле маданий иш-чаралар уюштурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар