Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
2 Июнь 2026 ж. 10:50
Көрүлдү: 276
Бүгүн, 2-июндан тартып өлкө боюнча башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүү уюмдарында 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (ЖМА) башталды.
Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта көзөмөлдөнүүдө.
Ал эми жалпы билим берүү уюмдарында бүгүн 9-класстын бүтүрүүчүлөрү бекитилген графикке ылайык алгебра сабагы боюнча жазуу түрүндөгү комплекстүү тест тапшырышууда. 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болсо эне тили жана адабияты сабагынан эссе жазышууда.