МЕКТЕПКЕ КАТТОО: УШУЛ ТАПТА 86 МИҢДЕН АШУУН БАЛА КАТТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

1 Июнь 2026 ж. 17:08

Көрүлдү: 294

Бүгүн, 1-июндан тарта өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды.

post.title

Бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын каттай алышат.

Учурда саат 17:00гө карата электрондук каттоонун экинчи этабында 12 миңден ашуун бала катталды. Биринчи этапта 74 миңден ашуун бала катталган. Жалпысынан эки этаптын жыйынтыгы боюнча ушул тапта 86 миң 432 бала мектепке электрондук түрдө каттоодон өттү.

Өтүнмөлөрдү онлайн түрдө тапшырууга болот:

• 1mektep.edu.gov.kg сайты же

• «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу

Белгилей кетсек, быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар