2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮН АЛКАГЫНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ ОКУТУУ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

1 Июнь 2026 ж. 15:57

Көрүлдү: 237

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча кеңири масштабдагы иштер жүргүзүлдү.

post.title

2025–2026-окуу жылында республика боюнча мугалимдерди окутуу төрт негизги багытта уюштурулуп, жалпысынан 28 913 мугалим билим алышты:

• Башталгыч мектеп – 10 334 мугалим
• Математика – 5 352 мугалим
• Табигый илимдер – 7 651 мугалим
• Англис тили – 5 727 мугалим

Окутуу иштери 2025-жылдын 30-июлунан 2026-жылдын 30-мартына чейин жүргүзүлүп, үч этаптан турду:

1. 4 күндүк офлайн окутуу;
2. Аймактарга жараша офлайн жана онлайн форматындагы 2 күндүк окуулар;
3. Мугалимдерге ментордук колдоо көрсөтүү.

Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар жаңы предметтик программалар жана жаңы муундагы окуу китептеринин негизинде сабак иштелмелерин даярдап, сабак өтүү процессинен видеофрагменттерди тапшырышты. Бул практикалык тапшырмалар мугалимдердин жаңы билим берүү моделине ылайык иш алып баруу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Мындай масштабдагы окутууларды кыска мөөнөттө сапаттуу уюштуруу максатында кадрдык потенциал дагы күчөтүлдү. Алгач даярдалган 241 мастер-тренер офлайн окутуулардын көлөмүн толук камтууга жетишсиз болгондуктан, кошумча 280 тренер даярдалды. Институт тарабынан мастер-тренерлерге үзгүлтүксүз методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүлүп турду.

Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Сингапурдан келген 9 эл аралык тренер тарабынан биздин мастер-тренерлер үчүн 2025-жылдын октябрь айынан 2026-жылдын февраль айына чейин жалпысынан 36 онлайн сессия өткөрүлдү. Бул сессиялар мугалимдердин заманбап окутуу методикаларын өздөштүрүүсүнө жана тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түздү.

Бүгүнкү күндө окуудан өткөн мугалимдерге сертификаттарды тапшыруу иштери улантылууда.
Мындан тышкары, 1–2-класстын мугалимдерин колдоо максатында институттун базасында видеосабактар тартылып даярдалды.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Институт тарабынан жаңы мамлекеттик билим берүү программаларынын жана жаңы окуу китептеринин негизинде:
• 105 курс жаңыланды;
• 20 жаңы курс иштелип чыкты;
• 100, 144 жана 300 сааттык жаңы квалификацияны жогорулатуу курстары даярдалды.

Аталган курстар https://ustat.edu.gov.kg/ платформасына жайгаштырылып, бүгүнкү күндө:
• 10 828 мугалим катталган;
• 725 мугалим сертификат алышкан;
• платформада 68 курс жеткиликтүү.

Ошондой эле бекитилген план-графикке ылайык 10 782 мугалим окуудан өттү. Өнөктөш уюмдар менен биргеликте 12 263 мугалим сертификацияланды.

Эл аралык кызматташтык багытында дагы маанилүү иштер аткарылды. Тактап айтканда, Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун 24 мугалимин биздин институттун адистери окутуп келишти. Бул тажрыйба институттун эл аралык деңгээлдеги потенциалын жана ишенимин дагы бир жолу тастыктады.

Жыйынтыгында, 2025–2026-окуу жылында жалпысынан 40 420 мугалим квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү. Бул көрсөткүч мындан ары дагы өсөрү күтүлүүдө.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мындан ары дагы 12 жылдык билим берүү системасын ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган иштерди улантып, педагогдорду заманбап билим берүү талаптарына ылайык колдоону улантат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар