БИШКЕКТЕ БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН «БАЛАЛЫК ДҮЙНӨСҮ ЖАНА КӨЧМӨН ДЕМИ» ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

1 Июнь 2026 ж. 13:56

Көрүлдү: 163

Бүгүн, 1-июнда, Бишкек шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми» аттуу майрамдык фестиваль өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

post.title

Фестивалдын алкагында «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багында балдар үчүн ар түрдүү интерактивдүү аянтчалар уюштурулду. Алар чыгармачылык, билим берүү, спорт жана улуттук маданият багыттарын камтып, катышуучуларга жаңы билим алып, кызыктуу убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Министр Догдуркүл Кендирбаева балдарды куттуктап, аларга мээрим төгүү маанилүү экенин белгиледи.

“Балдарды шыктандыруу менен өнүгүшүнө мыкты шарт түзсөк, анда биз сапаттуу жашоого ээ болобуз. Биздин балдар - биздин байлык!”, - деди агартуу министри.

Мындан тышкары, министр фестивалдын алкагында уюштурулган интерактивдүү жана тематикалык көргөзмө аянтчалары менен таанышып, балдар менен бирге айрым оюн-зоок иш-чараларына катышты.

Фестивалда улуттук оюндар жана бийлер, боз үй тигүү, улуттук аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар, робототехника, 3D графика жана дизайн, сүрөт өнөрү, спорттук жана интеллектуалдык оюндар, ошондой эле экология жана туризм багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар