БИРИНЧИ ЖОЛУ АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРЫ САНАРИПТИК СИСТЕМА АРКЫЛУУ ЫЙГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

29 Май 2026 ж. 16:48

Көрүлдү: 2042

«Акыркы коңгуроо» салтанатынын алкагында жана «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгында 105 педагог Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланды.

post.title

Алардын ичинен 52 мугалим Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланса, 53 мугалимге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси ыйгарылды.

Ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси биринчи жолу толугу менен АИС «Мугалим» системасындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү. 

Талапкерлерди эсепке алуу, маалыматтарды иштеп чыгуу жана сыйлыкка көрсөтүлгөн педагогдордун тизмесин түзүү автоматтык түрдө ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана Ардак грамотасы мугалимдердин өздүк кабинеттерине электрондук форматта, QR-код аркылуу жеткиликтүү түрдө берилет жана алардын электрондук портфолиосунда автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Ал эми күбөлүктүн төш белгиси (значок) ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө берилет жана акысыз тапшырылат. 

Ведомстволук сыйлыктар педагогдордун ак ниет эмгегин, жогорку кесипкөйлүгүн, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымын жана окуучулардын жетишкендиктерин камсыз кылуудагы үзүрлүү ишмердүүлүгүн баалоо максатында ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги №521/1 буйругу менен «Ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобо» бекитилип, ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси санариптик форматка өткөрүлгөн.

Сыйлык ээлеринин тизмеси

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар