Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
29 Май 2026 ж. 12:44
Көрүлдү: 133
Бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кийин укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Өз сөзүндө Надира Жусупбекова бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аларга келечектеги окуусунда жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалады.
“Бүгүн силер үчүн өзгөчө күн. Мектеп босогосун аттап, чоң турмушка кадам таштап жатасыңар. Алдыңарда кең мүмкүнчүлүктөр жана бийик максаттар күтүп турат. Ар бириңерге бекем ден соолук, кең келечек жана чоң ийгиликтерди каалайм. Билим алууга болгон умтулууңарды токтотпой, өзүңөргө ишенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон татыктуу жарандардан болгула”, — деди Надира Жусупбекова.
Ошондой эле министрдин орун басары жатак-мектепке китептерди белекке тапшырып, балдарды тарбиялоодо мугалимдер менен катар тарбиячылардын дагы орду чоң экенин белгиледи. Ал билим берүү тармагында эмгектенип жаткан педагогдорго жана тарбиячыларга ыраазычылык билдирип, алардын түйшүктүү эмгеги өспүрүмдөрдүн келечегин калыптандырууда маанилүү экенин айтты.
Белгилей кетсек, аталган жатак-мектепти быйыл 9 жана 11-класстар боюнча жалпы 34 окуучу аяктоодо. Ал эми республика боюнча 1-классты 80 миң 829 окуучу бүтүрсө, 9-классты 135 миң 979 окуучу аяктап жатат.
Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерттик программа менен коштолуп, соңунда бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо кагылды.