АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

29 Май 2026 ж. 12:18

Көрүлдү: 90

Бүгүн, 29-майда, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Кыргыз Республикасынын агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева №59 жалпы орто билим берүү мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышты.

post.title

2025–2026-окуу жылында аталган мектепти жалпысынан 210 окуучу аяктап жатат. Алардын ичинен 78и - 11-класстын, ал эми 132си 9-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Лира Самыкбаева бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын аякташы менен куттуктап, аларга ишеним жана келечектеги жашоосунда ийгиликтерди каалады. Ал азыркы дүйнө санариптештирүүнүн жана технологиялардын таасири астында тездик менен өзгөрүп жатканын белгилеп, жаштар келечектеги кесипти тандоого аң-сезимдүү мамиле кылуусу маанилүү экенин айтты.

Министрдин орун басары жумушчу кесиптерге болгон суроо-талап жогору экенин, ошондой эле жаңы шарттарга ылайыкташып, көндүмдөрдү дайыма өнүктүрүп туруу зарылдыгын баса белгиледи.

Анын айтымында, эмгекчилдик, максатка умтулуу жана билим алууга болгон даярдык бүтүрүүчүлөргө алдыга койгон максаттарына жетүүгө жардам берет.

Салтанаттуу иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, мугалимдердин каалоо-тилектери жаңырды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар