Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
26 Май 2026 ж. 16:28
Көрүлдү: 304
Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан “12 жылдык билим берүүнү уюштуруу жана мазмунун аныктоо маселелери” аталышындагы тегерек стол өтүүдө.
Иш-чарага Агартуу министринин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Альберт Махметкулов, Кыргыз билим берүү академиясынын, билим берүү уюмдарынын, кесиптик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, педагогикалык коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эксперттер жана башка кызыкдар тараптар катышууда.
Тегерек столдун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүү моделине өтүү шарттарындагы мектептик билим берүүнү трансформациялоо жана баалоонун өнүгүү куралы катары ролу боюнча баяндамалар жана презентациялар сунушталууда.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептеринин 1-, 2-, 5- жана 7-класстарында жаңыланган билим берүү стандарттарын жана жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди киргизүү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланууда.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында түзүлгөн жумушчу топ тарабынан даярдалган профилдик окутуу жөнүндө жобонун долбоору да талкууланууда. Талкуунун жүрүшүндө профилдик окутуунун моделдери, аны уюштуруу жана ишке ашыруу механизмдери, ошондой эле мектептерде профилдик окутууну башкаруу жана коштоо маселелери каралууда.
Мындан тышкары, талкуунун жүрүшүндө академиялык, кесиптик-практикалык жана айкалышкан профилдик окутуунун моделдери, мектептердин кесиптик лицейлер, жогорку окуу жайлары жана иш берүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле каржылоо, кадрларды даярдоо жана окуунун жыйынтыктарын таануу механизмдери каралууда.