МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ УЛАН МАМАТКАНОВ АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

26 Май 2026 ж. 13:22

Көрүлдү: 255

Бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана негизги багыттары менен таанышты.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева орун басарлары менен биргеликте баяндама жасап, билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер, жыйынтыктар жана тармактын учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, жыйында мектепке чейинки, жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү багыттарындагы артыкчылыктуу милдеттер, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана билим берүү системасын трансформациялоо боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар