КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР OIBO-2026 ЭЛ АРАЛЫК БИОЛОГИЯ ОЛИМПИАДАСЫНДА ЖЕТИ МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

25 Май 2026 ж. 11:00

Көрүлдү: 408

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO-2026) ачык эл аралык олимпиадасында 7 медаль жеңип алышты.

post.title

Аталган олимпиада 2026-жылдын 15–22-май күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы «Сириус» билим берүү борборунун базасында өттү.

Интеллектуалдык мелдешке дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 100дөн ашуун жаш биолог катышты.

Кыргыз Республикасынын курама командасы олимпиадага алты окуучу менен катышып, жеке эсепте 1 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.

Алар:
🥇 Дмитрий Рубан, «Сейтек» STEM мектебинин 11-классынын окуучусу — алтын медаль;
🥈 Нурсултан Увалиев, «Сейтек» STEM мектебинин 12-классынын окуучусу — күмүш медаль;
🥈 Улукбек Русланбеков, «Сейтек» STEM мектебинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
🥈 Атахан Исираев, «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу — күмүш медаль;
🥈 Анатай Нурланов, Е.Б. Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектебинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
🥉 Эржан Асанов, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу — коло медаль.

Мындан тышкары, Кыргызстандын курама командасы топтук (проекттик) Project Round этабында алтын медалга ээ болду.

Курама команданын жетекчиси жана машыктыруучусу — Асхатбек Темиркулов.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар