Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
25 Май 2026 ж. 10:19
Көрүлдү: 220
2026-жылдын 23-майында Чүй облусунда “Бүгүнкү тарбия — эртеңки келечек” аттуу диалог форматындагы облустук деңгээлдеги ата-энелер форуму өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — бала тарбиясында ата-эне, мектеп жана коомчулуктун өз ара кызматташтыгын чыңдоо, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жана руханий өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.
Форумга Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн өкүлү Сайед Садик, ошондой эле социалдык маселелер боюнча акимдердин жана мэрлердин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана ата-энелер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, балдардын интернет коопсуздугу, адеп-ахлактык тарбия жана ата-энелик жоопкерчилик маселелери талкууланды. Форум диалог форматында уюштурулуп, катышуучулар өз ойлорун эркин билдирип, суроо-жооп форматында тажрыйба алмашышты.
Мындан тышкары, форумдун алкагында ата-эне менен мектептин байланышын бекемдөө боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер көтөрүлдү.
Форумдун соңунда балдардын сапаттуу билим жана татыктуу тарбия алуусунда үй-бүлө менен билим берүү мекемелеринин биргелешкен аракетинин маанилүүлүгү белгиленип, мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.