Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2026 ж. 13:50
Көрүлдү: 384
2026-жылдын 22-майында Шэньси темир жол кесиптик-техникалык институтунун өкүлдөрү Бишкек шаарындагы № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейине иш сапары менен келишти.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар темир жол транспортун эксплуатациялоо жана башкаруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, ошондой эле № 97 лицейдин базасында жаңы кесиптерди жана лабораторияларды ачуу боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.
Атап айтканда, Шэньси темир жол кесиптик-техникалык институтунун өкүлдөрү окуу стандарттарын иштеп чыгуу жана окутуунун мазмундук бөлүгүн жакшыртуу маселелерин карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча кадрларды даярдоо жана окутуу үчүн жаңы адистиктерди жана лабораторияларды ачуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленди:
1. Темир жолдорго техникалык кызмат көрсөтүү;
2. Темир жол сигнализациясын куруу техникасы жана тейлөөгө окутуу;
3. Темир жол транспортун эксплуатациялоо, башкаруу жана логистика маселелери боюнча кадрларды даярдоо.
Иш сапардын соңунда коноктор лицейдин лабораториялары, окуу класстары жана китепканасы менен таанышып, сабактардын мугалимдери менен маектешти.