Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Май 2026 ж. 10:50
Көрүлдү: 293
Кыргыз Республикасынын аймактарында мамлекеттик бала бакчаларга балдарды электрондук кезекке каттоонун жаңыланган “Балалык” системасы боюнча райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн онлайн жана оффлайн форматтагы окутуулар өткөрүлүүдө.
21-май күнү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде уюштурулган окутууга “Түндүк” ачык акционердик коомунун “Санариптик билим берүү” департаментинин жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга “Балалык” системасынын жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, электрондук арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Жаңыланган “Балалык” платформасы балдарды бала бакчага каттоо процессинин ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле ата-энелер үчүн кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган.