КЕМИН РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА ЖАҢЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН КОЛДОНУЛУШУ КАРАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

22 Май 2026 ж. 10:26

Көрүлдү: 169

Бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин районуна караштуу жалпы билим берүү уюмдарына барды.

post.title

Иш сапардын жүрүшүндө мугалимдер менен 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында жаңы муундагы математика жана англис тили окуу китептеринин колдонулушу талкууланды. Ошондой эле билим берүү тармагындагы санариптештирүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, «Э-Күндөлүк» системасынын иштешине мониторинг жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуучулардын бааларын өз убагында киргизүү, окуу жылынын жыйынтыгында бааларды «АИС Күндөлүк» системасынан «АИС Аттестат» системасына туура өткөрүү маселелери да каралып, тиешелүү талкуулар жүргүзүлдү.

Ошондой эле Боролдой жана Ильич айылдарында курулуп жаткан 275 орундуу жаңы мектептердин курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар