Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Май 2026 ж. 15:18
Көрүлдү: 308
2026-жылдын 17–22-май күндөрү Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мээрим Закирова Армения Республикасына иш сапары менен барышты.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын делегациясы менен биргеликте мектептик тамактануу программаларын туруктуу өнүктүрүүгө жана улутташтырууга арналган Армениядагы тажрыйба алмашуу сапарына катышты. Иш-чарага Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана Сириядан келген катышуучулар, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бразилиядагы Алдыңкы тажрыйба борборунун өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.
Панелдик талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев мектептик тамактануу системасын өнүктүрүү боюнча улуттук тажрыйбаны тааныштырды. Ал Кыргыз Республикасында мектептик тамактануу балдардын ден соолугуна жана билим берүүнүн сапатына багытталган стратегиялык инвестиция катары караларын белгиледи. Өзгөчө көңүл туруктуу мамлекеттик каржылоого, «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы мектептик тамактануу модулунун негизинде системаны санариптештирүүгө, мектеп алдындагы чарбаларды өнүктүрүүгө жана тамак-аштын сапаты менен коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мекемелер аралык ишти күчөтүүгө бурулуп жатканын айтты.
Программанын алкагында делегациялар мыкты тажрыйбаларды талкуулап, мектептерге барышты жана мектеп алдындагы бакчалар менен күнөсканалардан тартып дан азыктарын кайра иштетүүгө чейинки мектептик тамактануунун инновациялык моделдери менен таанышышты.