Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Май 2026 ж. 10:34
Көрүлдү: 348
2026-жылдын 9–10-май күндөрү Тайванда 20-ирет Азия-Тынч океан эл аралык информатика олимпиадасы (APIO 2026) өткөрүлдү. Быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 890го жакын окуучу катышты. Кыргызстан курама командасынын курамында олимпиадага онлайн видеокөзөмөл форматында 26 окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 1 коло медаль жана 5 ардак грамота жеңип алышты.
Коло медаль:
• Арапов Али - 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
Ардак грамоталар:
• Мананов Рамазан - 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
• Айдарбеков Алихан - 12-класс, «Сейтек STEM» мектеби
• Баймырзаев Аруубек - 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи
• Джаникеев Саид - 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби
• Кадыров Адилхан - 10-класс, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи
Арапов Али, Мананов Рамазан, Айдарбеков Алихан, Джаникеев Саид жана Кадыров Адилханды олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган.
Баймырзаев Аруубекти олимпиадага Медербек Осмонов даярдаган.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктайт! Жаштарга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана бийик жеңиштерди каалайт.