АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Май 2026 ж. 10:15

Көрүлдү: 372

КР Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде окуучуга карата мугалим тарабынан орой мамиле жана күч колдонуу фактысы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Аталган кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаты А.А. карата окуучуларга педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасалып, физикалык күч колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү системасынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан аталган фактыны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында атайын комиссия түзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилет, ошондой эле зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү процессинде зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар