ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: АЛГАЧКЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

20 Май 2026 ж. 16:52

Көрүлдү: 462

Бүгүн, 20-майда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ата-энелер үчүн «Доор өзгөрткөн билим» аталышындагы ачык форум уюштурулду.

post.title

Иш-чаранын алкагында жалпы билим берүү системасын трансформациялоонун негизинде ишке ашырылып жаткан «Алтын Казык» программасынын биринчи окуу жылындагы жыйынтыктары чыгарылып, ата-энелердин суроолоруна жооптор берилди.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “2025–2026-окуу жылынын жыйынтыктары жана 2026–2027-окуу жылына пландар” темасында презентация жасап, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Министр 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн негизги максаты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү экенин белгиледи.

“Алтын Казык” программасынын алкагында жаңы мамлекеттик стандарттар жана окуу программалары иштелип чыгып, 2025-2026-окуу жылында жаңыланган программалар 1-, 2-, 5- жана 7-класстарга киргизилди. Окуу программаларын жана окуу-усулдук материалдарды жаңылоо иштери этап-этабы менен улантылып, 2028-2029-окуу жылына чейин толугу менен жаңыртылат.

Жакынкы аралыкта республиканын 9 аймагында 53 моделдик мектеп ачылып, алар заманбап окуу каражаттары менен камсыздалат. Алар аймактагы башка мектептер үчүн ресурстук борборлор катары иш алып барып, тажрыйбалык окутуу, методикалык жардам көрсөтүү тарабынан алдынкы мектептердин катарын түзөт", - деди министр.

Ошондой эле министр Кыргызстанда биринчи жолу онлайн форматтагы “Туңгуч” мектеби ачылганын белгилеп, учурда анда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын 2540 баласы билим алып жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билим берүү тармагы борбор калаа үчүн эң артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, бул өлкөнүн келечеги менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.

Анын айтымында бүгүнкү күндө Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан көптөгөн долбоорлор жана демилгелер билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

“Мурда борбор калаада 180 миңге жакын окуучу билим алып келсе административдик реформанын жана ички миграциянын натыйжасында учурда окуучулардын саны 260 миңден ашты. Мындай өсүш билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүнү талап кылууда.

2021–2022-жылдары Бишкек шаарында 15 билим берүү мекемеси курулуп пайдаланууга берилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу жана Агартуу министрлигинин демилгеси менен шаарда бир эле учурда 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттин, эл аралык уюмдардын жана ар кандай фонддордун колдоосу аркылуу дагы бир катар билим берүү мекемелери курулууда. Жалпысынан борбор калаада бир мезгилде 32 мектеп курулат”, — деди мэр.

Белгилей кетсек, форумдан соң Агартуу министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооп берип, ачык диалог жүргүзүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар