2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

19 Май 2026 ж. 9:59

Көрүлдү: 1485

Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоордун алкагында ар бир райондо бирден мектеп, жалпы 53 инновациялык мектеп иш алып барууда. Алардын айланасында 220 жалпы билим берүүчү мектептен турган кластерлер түзүлгөн. Бул долбоордун өлкөнүн бардык аймактарын камтуусуна жана бирдиктүү билим берүү экосистемасын түзүүгө шарт түзөт.

post.title

Инновациялык мектептер ресурстук жана методикалык борборлордун милдетин аткарат. Алар кластердик мектептерге методикалык жана башкаруучулук колдоо көрсөтүп, мыкты тажрыйбаларды өлкө боюнча жайылтууга өбөлгө түзөт.

2025–2026-окуу жылындагы долбоордун негизги жыйынтыктары:

🔹 Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте 7–12-класстар үчүн STEM-предметтери боюнча жаңы предметтик стандарттар иштелип чыкты;
🔹 «Окуу китеби» басма үйү менен биргеликте 7-класс үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери адаптацияланды;
🔹 PISA тестирлөөсүнө даярдык көрүү максатында STEM-дисциплиналары боюнча 15 826 мугалим үчүн 5 циклден турган тренингдер өткөрүлдү;
🔹 220 кластердик мектеп лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалды. Бардыгы 5 500 лабораториялык комплект, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилди;
🔹 23 инновациялык мектеп боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, оңдоп-түзөө иштери башталды;
🔹 278 инновациялык мектеп жетекчилери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери, облустук усулдук борборлордун жана квалификацияны жогорулатуу институттарынын адистери трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу боюнча модулдук система аркылуу окуудан өтүп жатышат;
🔹 53 инновациялык мектепке стратегиялык пландоо боюнча колдоо көрсөтүлдү. Өз кезегинде инновациялык мектептер кластердик мектептер үчүн каскаддык окутууларды өткөрүп жатышат;
🔹 мектептик жана жогорку педагогикалык билим берүү тармагында 16 изилдөө иштелип чыкты.

Жыл аягына чейин 53 инновациялык мектепти лабораториялык жана МКТ жабдуулары менен камсыздоо, ошондой эле кванториумдарды түзүү пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар