Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Май 2026 ж. 11:06
Көрүлдү: 590
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертет.
Бул талаптар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча материалдык басым көрсөтүүгө жол бербөө жана билим берүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында киргизилген.
📌 Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин № 593/1 буйругуна ылайык:
🚫 «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
🚫 мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу;
🚫 мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
🚫 ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.
Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшү керек.