ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ТУУРА-СУУ АЙЫЛЫНДАГЫ АВАРИЯЛЫК МЕКТЕПТИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

18 Май 2026 ж. 10:01

Көрүлдү: 529

2026-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар билим берүү уюмдарынан  кабар алышты.

post.title

Иш сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун Туура-Суу айылындагы К.Тайлаков атындагы авариялык абалдагы мектептин абалы менен жеринен таанышып, ошондой эле Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулуш иштерин көрүп чыгышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева К.Тайлаков атындагы мектептин мугалимдери менен жолугуп, окуу класстарын көрүп чыкты. 

Берилген маалыматка ылайык, мектеп эки корпустан турат. Анын биринчи корпусу 1919-жылы курулган жана учурда авариялык абалда болгондуктан, эски имаратты бузуп, ордуна жаңы мектеп имаратын куруу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле депутаттар жана министр Ак-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер тууралуу пикир алышты.

Жолугушууда мугалимдер айлык акылардын жогорулашы билим берүү сапатын мындан ары да чыңдоого өбөлгө болуп жатканын белгилеп, мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар