УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА КООМЧУЛУК ӨКҮЛДӨРҮ!

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

18 Май 2026 ж. 9:37

Көрүлдү: 508

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026-жылдын 20-майында ата-энелер үчүн «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ачык диалог өткөрөт.

post.title

Иш-чаранын алкагында жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык мектептик билим берүүнүн биринчи жылындагы жыйынтыктар чыгарылып, ата-энелерди кызыктырган бардык суроолорго ачык жооп берилет.

Форум 20-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда башталып, андан соң бардык аймактарда уланат. Ошондой эле иш-чара Улуттук телерадиоберүү корпорациясы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бардык кызыкдар тараптарды ачык диалогго чакырабыз. Суроолор бардык форматта кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар