АКУНЖАН БАКАЗОВИЧ АБДРАШЕВ - НЕКРОЛОГ

Автор: Борбордук аппарат

23 Май 2022 ж. 14:53

Көрүлдү: 483

2022-жылдын 22-майында профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын мыктысы, билим берүүнүн мыктысы жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Абдрашев Акунжан Баказович 67 жаш курагында дүйнө салды.

post.title

Акунжан Абдрашев 1955-жылы 18-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген.

Ал 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетине тапшырып, 1978-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1978-1986-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында тарых мугалими, директордун орун басары, 1986-88-жылдары Жалал-Абад шаарында компартиянын шаардык комитетинде парткабинеттин башчысы,1988-1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994-2000-жылдары Жалал-Абад шаарынын Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 2000-2001-жылдары Жалал-Абад шаарынын акиминин орун басары, 2001-2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, 2006-2011-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Сиңирген эмгеги үчүн:

- ФПКнын «Кыргыз Республикасынын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн» ардак белгиси,

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги,

- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги,

- Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги,

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын алтын медалы,

- «Ошко 3000 жыл» медалы,

- Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы,

- Жалал-Абад областтык администрациясынын Ардак грамотасы жана облустук кеңештин,

- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин Ардак грамотасы,

- Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу,

- Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл округунун ардактуу атуулу, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Чүй университетинин, ОМПИнин ардактуу профессору наамдарына татыган.

2011-жылдын 22-сентябрынан 2016-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.

Акунжан Абдрашев - 40тан ашуун илимий (анын ичинде эки илимий монография) макаланын автору. Ал КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис катары маалым.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болгон.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жамааты маркумдун урук-туугандары, санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!

Маркумдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк сакталат!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар