Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Май 2026 ж. 12:30
Көрүлдү: 124
Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын жана министрликке караштуу «Окуу китеби» басма үйү” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Кызматкерлер “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борборунун аймагындагы паркты санитардык жактан тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембилик Бишкек шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, көрктөндүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.