AIBO 2026: КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР АВИЦЕННА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНДА РЕКОРДДУК 8 МЕДАЛЬ БАГЫНДЫРЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

13 Май 2026 ж. 19:07

Көрүлдү: 229

2026-жылдын 20-27-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында Авиценна атындагы эл аралык биология олимпиадасы AIBO (Avicenna International Biology Olympiad) өттү.

post.title


Ага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген окуучулар катышты. Жогорку деңгээлдеги билим таймашында Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло, жалпысынан 8 медаль багындырды.

Алтын медаль:

Дмитрий Рубан — «Сейтек СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу.

Күмүш медалдар:

Улукбек Русланбеков — «Сейтек СТЕМ» мектеби, 10-класс;

Атахан Исираев — «Кут Билим» окуу-тарбия комплекси (Ысык-Көл), 11-класс;

Эржан Асанов — Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс;

Байхан Байсулдаев — Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс.

Коло медалдар:

Анатай Нурланов — Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс;

Умар Эргешов — «Курманбек Баатыр» атындагы Жалал-Абад балдар лицейи, 10-класс.

Окуучуларды олимпиадага даярдап, коштоп барган машыктыруучулар  Асхатбек Темиркулов, Нурсултан Увалиев жана Арсений Виноградов.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар