САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ: ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

12 Май 2026 ж. 17:25

Көрүлдү: 687

Билим берүүнү санариптештирүүнүн учурдагы абалын анализдөө жана маалыматтык технологияларды киргизүүнүн жүрүшүнө баа берүү максатында 2026-жылдын 27–30-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусундагы жалпы билим берүү уюмдарында мониторинг жүргүзүлдү.

post.title

Иш сапардын жүрүшүндө мектептердин санариптик инфраструктурасынын абалы, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында жеткирилген компьютердик техниканын колдонулушу, ошондой эле санариптик инструменттердин окуу процессине интеграцияланышынын натыйжалуулугу талданды.

Өзгөчө көңүл «Санарип Кампа», «Күндөлүк», «Мугалим», «Мектепке электрондук каттоо» жана билим берүү тармагында колдонулуп жаткан башка санариптик платформалардын иштешине бурулду. Мониторингдин алкагында маалыматтык системалардын техникалык колдоосу, алардын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштеши, мугалимдер менен окуучулар үчүн санариптик ресурстардын жеткиликтүүлүгү, ошондой эле билим берүү процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу деңгээли каралды.

Иштин жүрүшүндө «Алтын Казык» ноутбуктары мугалимдердин ишин кыйла жеңилдетип, окуу процессин уюштурууну ыңгайлуу кылганы жана сабактарда санариптик ресурстарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейткени белгиленди. «Санарип Кампа» платформасы боюнча мугалимдер STEM багытындагы предметтер менен бирге, гуманитардык дисциплиналар боюнча да окуу материалдарын камтуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташты.

Мындан тышкары, мугалимдерге жана IT-адистерге усулдук жана консультациялык колдоо көрсөтүлүп, санариптик платформаларды күнүмдүк ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар