АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНДЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ САЯСАТТЫ ИШКЕ АШЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ КАРАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Май 2026 ж. 18:31

Көрүлдү: 534

Бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аппараттык кеңешмесинде коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Бердибаев баяндама жасады.

post.title

Баяндамада билим берүү системасы мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын, ошондой эле 2026–2027-жылдарга карата маалыматтык антикоррупциялык саясат программасынын талаптарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө бурулду.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тобокелдиктерди баалоо механизмдерин өркүндөтүү, жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатуу жана билим берүү тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү иштери улантылып жатканы белгиленди.

Мындан тышкары, билим берүү жана башкаруу процесстерин санариптештирүү боюнча системалуу чараларды киргизүүнүн, жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кылуунун, коррупцияга каршы комиссиялардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерге үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүүнүн зарылдыгы баса белгиленди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар