КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР 43-БАЛКАН МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНДА 5 МЕДАЛЬ УТУП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Май 2026 ж. 17:39

Көрүлдү: 368

2026-жылдын 3–8-май күндөрү Грециянын Салоники шаарында 43-Балкан математикалык олимпиадасы (BMO 2026) болуп өттү.

post.title

Олимпиадага 25 өлкөдөн 148 окуучу катышты. Жыйынтыгында 6 окуучудан турган Кыргызстандын командасы 5 коло медаль жеңип алды.

Катышуучулардын жыйынтыгы:

  1. Мусаходжаев Султан — коло медаль, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу.
  2. Акимов Ариет — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу.
  3. Саят Арлан — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу.
  4. Акенеев Тимур — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.
    Машыктыруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол.
  5. Дооронбеков Нурахмед — коло медаль, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу.
    Машыктыруучусу: Байбаев Сусарбек.
  6. Тологонов Даниель — катышуучу, Купуев академиясынын 9-классынын окуучусу.
    Машыктыруучусу: Абдураимов Шумкарбек.

Команданын жетекчилери: Асанкадыров Айдин, Абдураимов Шумкарбек.

Кыргызстан бул олимпиадага сегизинчи жолу катышууда. Буга чейин Кыргызстан командасы жалпы 17 медаль уткан, алардын 14ү 2024–2026-жылдар аралыгында алынган.

Белгилей кетсек, Балкан математикалык олимпиадасынын максаты — математика жаатындагы таланттуу окуучуларды колдоо жана өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү, ошондой эле Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярдык көрүү болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар